• Башкы бет
  • Ошто директорлук орун үчүн сынак өтүүдө
13:55, 2022-ж., 13-август

Ошто директорлук орун үчүн сынак өтүүдө

Ошто директорлук орун үчүн сынак өтүүдө

Бүгүн, 13-августта Ош облусунда мектеп директорлугуна талапкерлер үчүн компьютердик тестирлөө өтүп жатат. Сынак Ош мамлекеттик университетинин башкы корпусунда уюштурулду. 

Билим берүү жана илим министрлиги билдиргендей, Ош облусунда 244 мектептин директору кайрадан тандалып алынат. Тестирлөөдөгү ачык-айкындуулук камсыз кылуу үчүн эркин коомдук уюмдардын өкүлдөрү байкоочу болот.

Министрликтин талабы боюнча конкурска жогорку педагогикалык билими, жети жылдан кем эмес педагогикалык иш стажы жана атайын педагогикалык билими, адистиги боюнча беш жылдан кем эмес иш тажрыйбасы барлар катышат.

Мындай сынак буга чейин Жалал-Абад жана Баткен облустарында өтүп, Жалал-Абадда директор болууга арыз берген 220 талапкердин 61и тиешелүү упай топтогон. Ал эми Баткенде 147 адамдын ичинен 60ы өткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...