• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри мыйзамсыз курулуп жаткан объектер менен таанышты
15:43, 2022-ж., 12-август

Ош шаарынын мэри мыйзамсыз курулуп жаткан объектер менен таанышты

Ош шаарынын мэри мыйзамсыз курулуп жаткан объектер менен таанышты

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттигинин директору Нуртазин Жетыбаев шаарда бир катар мыйзамсыз курулуп жаткан жана курулган объектилер менен таанышты.

Алгач Черемушка кичи районундагы Раззаков атындагы мектептин курулушу менен таанышып, курулуш иштерин бүтүрүү үчүн аталган объектти Ош шаардык мэриясынын балансына өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди даярдоо боюнча тиешелүү кызматтарга тапшырмалар берилди. Белгилей кетсек, бул мектеп республикалык бюджеттин эсебинен курулуп, учурда мектептин курулушун бүткөрүүгө каражаттын жоктугунан курулуш иштери токтоп турат.

Андан ары тиешелүү документтери жок иштеп, кызыл сызыкка чыгып кеткен бир катар коомдук тамактануу жайларын көрүштү. Ошондой эле, Сулайман-Тоонун буфердик аймагында жайгашкан жана тиешелүү нормаларды бузуу менен салынып жаткан курулуп жаткан көп кабаттуу үйлөргө да барышты. Тиешелүү шаар куруу бөлүмдөрүнө бул объектилер боюнча мындан ары чечим кабыл алуу үчүн зарыл болгон маалыматтарды даярдоо тапшырылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...