14:08
-ж., 29-февраль
Жалал-Абадда Сузак районунун Багыш айыл өкмөтүнүн жетекчиси жана мурдагы чарба башчысы кармалды. Бул тууралуу Башкы прокуратура маалымдады.
4-августта Сузак районунун прокуратурасына жергиликтүү жаран арыз менен кайрылган. Ал май жана июнь айларында айылдагы мектептин ажатканасын куруу жана айыл өкмөт имаратынын чатырын оңдоо үчүн өткөрүлгөн тендерде жеңип алганын билдирген. Бирок айыл өкмөттүн кызмат адамдары ага которулган акчаны опузалап алып койгонун айткан.
Бул факты Кылмыш-жаза Кодексинин 343-беренеси (“Опузалап пара талап кылуу”) менен катталган.
Анын алкагында Багыш айыл өкмөтүнүн башчысы жана мурдагы чарба башчысы 60 миң сом пара алып жаткан жеринен кармалышты. Учурда алар убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Тергөө уланууда.
Комментарийлер