• Башкы бет
  • Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды
14:14, 2022-ж., 9-август

Жашы жете элек кызды зордуктоого шектүү жаран кармалды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Бишкектин четиндеги "Алтын Казына" ресторанында жашы жете элек кызды зордуктоого шектелген адам кармалды. Бул тууралуу "Азаттыкка" Чүй облустук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, кылмышка шектүү 20 жаштагы жигит облустук милициянын убактылуу кармоо жайына камакка алынды. Учурда Кылмыш кодексинин "Зордуктоо" беренеси боюнча териштирүү иштери жүрүп жатат.

8-августта "Алтын казына" ресторанында администратор болуп иштеген бир нече адам аталган жайдын жашы жете элек официантын зордуктаганы жөнүндө маалымат тараган. Бул тууралуу зомбулукка кабылган кыздын ата-энеси коомчулукка кайрылган. Маалыматка караганда, кылмышка шектүүлөр 17 жаштагы кызды ресторандын жанындагы мейманканага камап, зомбулук көрсөткөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...