• Башкы бет
  • Чек араларды тактоо: Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын сүйлөшүүсү башталды
14:12, 2022-ж., 9-август

Чек араларды тактоо: Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын сүйлөшүүсү башталды

Чек араларды тактоо: Кыргызстан менен Өзбекстандын өкмөттүк делегациясынын сүйлөшүүсү башталды

Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо боюнча өкмөттүк делегациялардын сүйлөшүүсү 9-августта Чолпон-Ата шаарында башталды. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин чек ара маселелери боюнча атайын өкүлү Назирбек Бөрүбаев билдирди. Анын айтымында, жолугушууда эки өлкө ортосундагы тактала элек аймактар боюнча сүйлөшүү улантылат.

"Эки өлкө ортосундагы чек аранын 1170 чакырымы такталып, келишимге кирген. Калган аймактарды чечүү боюнча жолугушуу болот. Өзбекстан менен чек араны быйыл тактап бүтөлү деп аракет кылып жатабыз",-деди Бөрүбаев.

Эки өлкөнүн өкмөт өкүлдөрүнүн Ысык-Көлдөгү жолугушуусу 17-августка чейин уланат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...