• Башкы бет
  • Ош: 120 орунду бала бакчанын имаратынын курулушу жүрүүдө
15:27, -ж., 4-август

Ош: 120 орунду бала бакчанын имаратынын курулушу жүрүүдө

Ош: 120 орунду бала бакчанын имаратынын курулушу жүрүүдө

Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов тарабынан бекитилген иш-чаралардын графигине ылайык, “Курманжан-Датка” МАБында Капиталдык курулуш башкармалыгы тарабынан “Балажан” бала бакчасынын 120 орундуу кошумча имаратынын курулушу кызуу жүрүүдө.

Учурда жер төлөсүн куруу иштери аяктап, мамычаларды бекемдөө боюнча иштер аткарылып, биринчи кабаттын дубалын куруу башталды.

Бекитилген график боюнча иш башталгандан 9 ай өткөндөн кийин объект пайдаланууга берилет. Ага карабай быйыл пайдаланууга берүү аракеттери көрүлүүдө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...