• Башкы бет
  • Эми Ош шаарынын жашоочулары кичи автобустарды күзөтө алышат
15:17, 2022-ж., 3-август

Эми Ош шаарынын жашоочулары кичи автобустарды күзөтө алышат

Эми Ош шаарынын жашоочулары кичи автобустарды күзөтө алышат

2-августта Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов 45 шаардык кичи автобустук каттамдарды тейлеген транспорттук ишканалардын жетекчилери жана өкүлдөрү менен жыйын өткөрдү.

Жыйындын жүрүшүндө коомдук транспортко спутниктик мониторинг системасынын бет ачары болду.

"Бул системанын негизги максаты - шаардыктарга жана шаар конокторуна коомдук транспорт кызматтарын колдонууга ыңгайлуу шарттарды түзүү жана кичи автобустардын ишин көзөмөлдөө. Ар бир жүргүнчү OSHBUS мобилдик тиркемеси аркылуу өз сапарын пландай алат, анда бардык каттамдар жана кыймылдар онлайн көрсөтүлгөн. Мындан тышкары, система жеке каттамдарды да, токтоо пункттарын да издөө мүмкүнчүлүгүнө ээ”, - деп баса белгиледи мэр.

Кошумчалай кетсек, бул система коомдук транспорттун ишин уюштуруучу тиешелүү кызматтарга кичи автобустардын тейлөөсүнө жана сандык абалына күн сайын мониторинг жүргүзүүгө шарт түзөт.

Алмаз Мамбетов Ош шаарынын мэриясы коомдук транспортторду өнүктүрүүгө ар дайым көңүл буруп келе жатканын кошумчалап, мындай шарттардын түзүлүшү менен кичи автобустардын айдоочуларынын өз милдеттерин так жана сапаттуу аткаруусун камсыздай турганын билдирди.

Белгилей кетсек, буга чейин Bus Service GPS-көзөмөл системасы муниципалдык автобустарга жана троллейбустарга ийгиликтүү киргизилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...