
15:11, 2022-ж., 3-август
Ош: дүйнөлүк мелдештен байгелүү кайткан спортчуларды аэропорттон тосуп алышты

Бүгүн, 3-августта Ош шаарындагы эл аралык аэропортто эркин күрөш боюнча дүйнөнүн күмүш медалынын ээси (U-17) Билол Шарип уулу менен кикбоксинг боюнча К-1 чемпиондук курунун ээси Аброр Хакимовдун салтанаттуу тосуп алуу иш-чарасы болуп өттү.
Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, кесиптештери, машыктыруучулары, спортчулар жана чемпиондордун жакындары катышты. Аброр Хакимовду Патрулдук милициядагы кесиптештери, ата-энелери, жакындары, спортчулар жана машыктыруучулар куттукташты. Ал эми Билол Шарип уулун да жакындары, спортчулар жеңиши менен салтанаттуу куттукташты.
Эске салсак, эркин күрөшчү Билол Шарип уулу бир күн мурун Римде өткөн 17 жашка чейинкилер арасындагы Дүйнө чемпиондугунда 60 кг салмакта 2-орунду ээлеген. Катары менен 4 жеңишке жетишкен Шарип уулу финалда Ирандын спортчусуна 4:5 эсебинде жеңилип калды.
Аброр Хакимов бир күн мурун Түркияда өткөн кикбоксинг боюнча K-1 эл аралык турниринин жеңүүчүсү болду.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Атайын тема
Акыркы жаңылыктар
13:36
-ж., 30-сентябрь
13:34
-ж., 30-сентябрь
ТОП новости
Атайын тема
Жарыялар
14:15, -ж., 26-сентябрь
28
live comments feed...
Комментарийлер