00:15, 2022-ж., 2-август

Нэнси Пелоси Тайванга барды

Нэнси Пелоси Тайванга барды

АКШ Конгрессинин Өкүлдөр палатасынын спикери Нэнси Пелосинин учагы 2-август күнү кечинде Тайвандын борбору Тайбэй шаарындагы Суншань авиабазасына конду. Ал бараткан учак конор алдында кытайлык маалымат каражаттары Кытайдын Су-35 аскердик учагы Тайван аралын айланып өткөнүн жазып чыгышкан.

Тайбэйдеги «Саньли» телеканалынын булактары Пелоси жетектеген делегация Grand Hyatt мейманканасына жайгашканын билдиришти. Ал жерде маалымат жыйынын өткөрүп, Тайвандын президенти Цай Инвэнь менен жолугушат. Пелоси Тайванга болгон сапарын тастыктаган да, четке каккан да жок. Анын сапары 3-августта кечинде аяктайт.

Пелоси Азияга сапарын 31-июлда баштаган. Анын жүрүшүндө ал Малайзия, Сингапур, Япония жана Түштүк Кореяда болду. Ак үйдүн каршылыгына карабай Тайванга кетиши мүмкүн экени айтылган.

Пекин Пелосинин Тайванга сапарына каршы чыкты. Кытай Тайвань аралын өзүнүн аймагы деп эсептейт. Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин АКШ «от менен ойнобошу» керектигин эскертти. Ал эми 2-августта Кытай Тайванга жакын Фуцзянь провинциясында аскердик машыгуусун баштады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...