15:00, 2022-ж., 3-август

Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн

Шашылыш билдирүү: сел жүрүшү мүмкүн

Кыргызгидромет кызматы 3-4-августта нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу райондорунда сел жүрүшү мүмкүн экенин эскертти.

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2-августта Ноокат, Кара-Кулжа, Ысык-Көл, Кадамжай, Баткен райондорунда жамгырдан кийин сел жүрүп, ички жолдорго зыян келтиргенин маалымдады. Жети-Өгүз районундагы Жаргылчак, Кичи-Жаргылчак айылдарынын жолдорун суу каптаганы тууралуу видеолор интернетке тарады.

30-июлда жаандан кийинки селден улам үч облусту бириктирүүчү Боом капчыгайында Бишкек - Нарын - Торугарт жолу жабылып, эртеси толук калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул аймакта болжол менен сел менен кошо 20-22 миң куб кум-шагыл түшкөнүн кабарлаган.

29-июлда Каракол капчыгайынын эки тилкесинде таш-шагыл аралаш сел жүрүп, эки көпүрөнү жаап калган. Түп районунун Балбай, Күрмөнтү айылдарында ички чарбалык жолдорду, эгин талааларды сел каптаган.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда жыл башынан бери 22 өзгөчө кырдаал катталып, анын кесепетинен өлкө боюнча 2731 турак үй, 46 социалдык объект, 242 чакырым автоунаа жолу, 38 ички чарбалык көпүрө, 1 605 га айдоо аянты, 52 чакырым сугат арыгы, 46 чакырым сел агуучу канал, 16 жеңил автоунаа жабыркаган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...