15:54, 2022-ж., 15-июль

"Дөө Чыңгыз" Бишкекте кармалды

"Дөө Чыңгыз" Бишкекте кармалды

Кылмыш дүйнөсүндө "Дөө Чыңгыз" деген каймана ат менен белгилүү кримтөбөл Чыңгыз Жумагулов 15-июлда Бишкекте кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) кабарлады.

Мекеменин басма сөз кызматы Жумагуловду кармоо уюшкан кылмыштуу топту түзүү жана ишкерлерден ири суммада акча талап кылуу фактыларынын негизинде жүргөнүн кабарлады.

Жумагулов УКМКнын тергөө абагына камалды.

Маалыматта кримтөбөлдүн мыйзамсыз аракеттеринен жабыркагандар УКМКга кайрылса болору жазылган.

8-июлда Бишкектин четиндеги Көк-Жар айылында “Дөө Чыңгыз” деген каймана атка конгон Чыңгыз Жумагуловду кармоо маалында ага ок тийгенин, бирок ал качып кетүүгө үлгүргөнүн журналисттер жазып чыккан. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Чүйдө кылмышкер изделип жатканын, бирок Чыңгыз Жумагулов менен атышуу болбогонун билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...