• Башкы бет
  • Ошто үч облустун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери катышкан мелдеш өтүп жатат
17:30, 2022-ж., 12-июль

Ошто үч облустун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери катышкан мелдеш өтүп жатат

Ошто үч облустун мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлери катышкан мелдеш өтүп жатат

Ош шаарында Кыргыз Республикасынын Президентинин Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарындагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктөрүнүн аппарат кызматкерлеринин жана Ош шаарынын мэриясынын аппарат кызматкерлеринин арасында футбол жана волейбол боюнча “Достук кубогу” мелдеши башталды.

Иш-чаралар президент Садыр Жапаровдун “Инсандын руханий-адептик жактан өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруунун алкагында өткөрүлүүдө.

Бул турнир КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү тарабынан уюштурулуп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...