• Башкы бет
  • Орусия коронавируска байланыштуу киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат
15:33, 2022-ж., 5-июль

Орусия коронавируска байланыштуу киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат

Орусия коронавируска байланыштуу киргизилген  чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат

Орусия 15-июлдан тарта COVID-19га байланыштуу 2020-жылы мартта киргизилген чек арадагы бардык чектөөлөрдү алат. Ошол эле маалда өлкөгө кирип жаткан чет өлкөлүктөр үчүн (беларустардан башка) ПЧР-тест тапшыруу талабы күчүндө калат.

Орусия деңиз жана аба каттамдары менен келген жарандар үчүн чек ара пункттарындагы чектөөлөрдү 14-июнда эле алган.

1-июлда Роспотребнадзор коронавируска байланыштуу коомдук тамактануучу жайлардын түнкүсүн иштөөсүнө, ошондой эле жапырт иш-чараларды жана митингдерди өткөрүүгө киргизилген чектөөлөрдү алып, беткап режимин жойгон.

Мекеме бул чечимин COVID-19 жуктаргандардын саны төрт айдан бери туруктуу түрдө азайып жатканы менен түшүндүрүп, бирок эпидемиологиялык абал начарласа чектөөлөр кайра киргизилерин эскерткен.

Дүйнөлүк салматтык сактоо уюмунун маалыматына караганда, акыркы бир жуманын ичинде дүйнөдө коронавирус жуктурган 4 миллиондон ашык жаңы учур катталды.Бул аралыкта Жакынкы Чыгышта COVID-19 жуктургандардын саны 47%, Европада 30% өстү.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...