• Башкы бет
  • Ош шаарынын санэпид кызматы: Жайдын аптаптуу мезгилинде тамак-аштан уулануу көп болууда
14:47, 2022-ж., 4-июль

Ош шаарынын санэпид кызматы: Жайдын аптаптуу мезгилинде тамак-аштан уулануу көп болууда

Ош шаарынын санэпид кызматы: Жайдын аптаптуу мезгилинде тамак-аштан уулануу көп болууда

Ош шаарынын санэпид кызматы ЭСКЕРТЕТ:

Жайдын аптаптуу мезгилинде калк арасында тамак-аштан уулануу жана ичеги-карын оорулары күч алууда. Бул өзгөчө 14 жашка чейинки балдардын арасында көп катталууда. Андыктан тез бузулуучу тамактарды жегенде этият болуу өтө маанилүү.

Ага байланыштуу Ош шаарынын санэпид кызматы төмөнкүлөргө көңүл бурууга чакырат:

- тамак-аш азыктарын уруксатсыз соода кылган жерлерден белгисиз адамдардан сатып албаңыздар. Бул өзгөчө тез бузулуучу тамак-аш азыктарына тиешелүү: сүт, быштак, каймак; ар кандай үй шартында даярдалган тамак-аш азыктары;

- тез бузулуучу тамак-аш азыктарын (сүт жана колбаса азыктары, даяр салаттар, каймак кошулган кондитердик азыктар) жана балдар үчүн азыктарды сатып алууда жарактуулук мөөнөтүнө жана мындай азыктарды сактоо шарттарына көңүл бурууга;

- жарактуулук мөөнөтү өтүп кеткен жана (же) муздаткыч жабдуулардан тышкары сакталган продукцияны колдонбоого;

- муздаткычта чийки заттарды, жарым фабрикаттарды жана даяр азыктарды сактоону айырмалоого;

- колдонуудан мурун жашылчаларды, мөмөлөрдү, жемиштерди жана жашылчаларды жакшылап жууп салыңыз;

- бузулуу белгилери бар жашылча-жемиш азыктарын сатып албаңыз жана колдонбоңуз;

- дат баскан, деформацияланган, этикеткасы жок консерваларды сатып албаңыз;

- маркировкалары (этикетикасы) жок тамак-аш азыктарын сатып алууга болбойт;

- тамак-аш даярдоодо өздүк гигиенаны сактаңыз: тамак-ашты даярдоонун алдында жана даярдаган соң ар дайым колуңузду жууңуз;

- тамак жасоо үчүн колдонулган бардык ашкана идиштерин жуучу каражаттар менен дайыма жууп туруу;

- чийки азыктар үчүн өзүнчө бычактарды жана ашкана такталарын колдонуу зарыл;

- ичүү үчүн кайнатылган же бөтөлкөдөгү сууну колдонуңуз;

- тамактарды, өзгөчө этти, тоок этин, жумуртканы, балыкты жакшылап кууруп же кайнатыңыз;

- тез бузулуучу тамак-аштарды жана даярдалган салаттарды бөлмө температурасында 2 сааттан ашык сактабаңыз, анткени бул бактериялардын жана токсиндердин топтолушуна алып келиши мүмкүн;

- тортторду, каймак кошулган таттууларды муздаткычта гана сактаңыз, бул тез бузулуучу азыктар экенин унутпаңыз;

- жаңы даярдалган тамакты мурунку күндөн калган тамактар ​​менен аралаштырбаңыз. Даярдалган тамак эртеңки күнгө калып калса, колдонуудан мурун аны термикалык иштетүүгө (кайнатуу, кууруу) киргизүү зарыл;

- тамак-ашты курт-кумурскалар, жаныбарлардан корголгон жерлерде сактоого.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...