• Башкы бет
  • Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алышты
15:24, 2022-ж., 28-июнь

Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алышты

Ош шаарында грек-рим күрөшү боюнча Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алышты

28-июнда Ош шаарындагы эл аралык аэропортто грек-рим күрөшү боюнча 17 жашка чейинкилер арасында Азия чемпиону Жантөрө Мирзалиевди салтанаттуу тосуп алуу аземи болуп өттү.

Салтанаттуу жыйынга шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, машыктыруучулар, спортчулар жана чемпиондун жакындары катышты. Жантөрө Мирзалиевди алтын медаль менен ата-энеси, жакындары, спортчулары жана машыктыруучулары куттукташты.

Эске салсак, грек-рим күрөшү боюнча балбан Жантөрө Мирзалиев бир күн мурун Бишкекте өткөн 17 жашка чейинкилер арасындагы Азия чемпионатында 60 килограммга чейинки салмак ченинде биринчи орунду жеңип алган.

Ал Япония менен Казакстандан келген атаандаштарын жеңип, финалдык беттеште ирандык спортчуну 8:5 эсебинде жеңген соң Азия чемпиону аталды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...