• Башкы бет
  • Өзбекстандын "Бунедкор" клубу Ош шаарынын мэринин кубогун жеңип алды
14:33, 2022-ж., 6-июнь

Өзбекстандын "Бунедкор" клубу Ош шаарынын мэринин кубогун жеңип алды

Өзбекстандын "Бунедкор" клубу Ош шаарынын мэринин кубогун  жеңип алды

5-июнда Ош шаарынын борбордук стадионунда “Алай” (Ош) жана “Бунёдкор” (Ташкент) командаларынын ортосунда футбол боюнча “Мэрдин кубогу-2022” эл аралык турниринин финалдык беттеши өттү. Жыйынтыгында 2:1 эсебинде “Бунёдкор” футболдук клубунун пайдасына чечилди.

Андан соң турнирге катышкан командаларды салтанаттуу сыйлоо аземи болуп, анда турнирдин жеңүүчүсү – “Бунёдкор” (Ташкент) командасына кубок жана 100 000 сомдук сертификат тапшырылды.

Сыйлык тапшыруу аземине Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев жана Кыргыз футбол союзунун президенти Медер Сыдыков катышып, мэр Алмаз Мамбетовдун демилгеси менен Ош шаарында мэрдин кубогу үчүн биринчи жолу өткөрүлгөн турнирге активдүү катышкан бардык командаларга ыраазычылык билдирди.

Экинчи, үчүнчү жана төртүнчү орундарды ээлеген командалар тиешелүү акчалай сертификаттар менен сыйланышты. Ошондой эле шаардык маданият бөлүмү тарабынан даярдалган концерттик программа тартууланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...