Атайын тема
Чек арадагы кырдаал: бул рубрикадан Кыргызстан менен коңшулаш мамлекеттердин чек араларындагы соңку окуялар менен таанышсаңыз болот - Таджикистан, Казакстан, Өзбекстан, Кытай
Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын маалымат жана коммуникациялар башкармалыгы 2022-жылдын 3-июну cаат 14.00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара тарамдарынын ортосунда ок атышуулар уланып жаткандыгын маалымдайт.
Мындан тышкары, УКМКнын Чек ара кызматы тажик тараптын аскердик оор техникаларын чек ара сызыгына топтоп жаткандыгын белгилейт.
УКМКнын Чек ара кызматы кыргыз-тажик чек арасындагы кырдаалдын курчуп кетпеши үчүн бардык чараларды көрүп жатат.
Комментарийлер