• Башкы бет
  • Шекердин тартыштыгы убактынчалуу көрүнүш,-Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы
14:15, 2022-ж., 27-май

Шекердин тартыштыгы убактынчалуу көрүнүш,-Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

Шекердин тартыштыгы убактынчалуу көрүнүш,-Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматынын төрагасы Кеңешбай Тайлаков дүкөндөрдөгү шекердин тартыштыгы убактылуу көрүнүш экенин билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандагы кант заводдору ички чийки зат түгөнгөнүнө байланыштуу 5-6 күн иштебей калган. Азыркы учурда чийки зат чет мамлекеттерден алынып келинип, заводдор иштеп жатат.

27-майда Бишкектеги бир катар дүкөндөрдө шекер сатылбай жатканы маалым болду.

Кеңешбек Тайлаков Кыргызстандагы шекер коңшу Казакстанга ташылып кетип жатат деген сөздөр боюнча дагы маалымат берди. Ал ЕАЭБге мүчө өлкөлөргө кантты чыгарууга тыюу салынбаганын, Казакстанда канттын баасы 20 сомго чейин жогору экенин айтты.

"Мындай маселе болушу мүмкүн. Бирок заводдор сыртка сата албайт. Алар биринчи кезекте ички керектөөнү камсыздашы керек. Бирок дыйкандар өткөргөн кант кызылчасынын ордуна алган канты бар да. Дыйкандар ошол кантын сатып жатышы мүмкүн".

Казакстан 23-майдан тартып ак кант жана тростник кантын өлкөдө тартыш болуп жатканына байланыштуу алты айга чейин өлкөдөн сыртка чыгарууга чектөө киргизди.

Өткөн аптада Казакстандын алкоголсуз суусундуктарды өндүрүүчүлөр бирлиги кант жетишсиздигин айтып, тийиштүү мекемелерге кат жолдогон.

Жергиликтүү маалымат каражаттардын жазганына караганда, көйгөй орус өкмөтүнүн март айында продукцияны экспорттоого тыюу салганынан улам келип чыккан.

Кыргызстан былтыр дээрлик 50 миң тонна кумшекер импорттогон, анын көбү Орусиядан 24,3 миң тоннаны түзгөн. Казакстандан 4,5 миң тоннадан ашык кумшекер ташылып келген.

Үстүбүздөгү жылдын март айында Кыргызстандын Министрлер кабинети ЕАЭБдин бажы аймагынан тышкары айыл чарба продукциясынын айрым түрлөрүн, анын ичинде кантты алып чыгууга тыюу салган. Апрель айынан тарта өлкөгө ташылып келген кумшекер жана тазартылган өсүмдүк майы үчүн кошумча нарк салыгынын нөлдүк салык ставкасы (КНС) күчүнө кирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...