• Башкы бет
  • Кумтордон түшкөн кирешеден Нарын облусун өнүктүрүүгө акча бөлүнөт
14:47, 2022-ж., 24-май

Кумтордон түшкөн кирешеден Нарын облусун өнүктүрүүгө акча бөлүнөт

Кумтордон түшкөн кирешеден Нарын облусун өнүктүрүүгө акча бөлүнөт

Мындай чечимге 24-майда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кол койду. Анда “Кумтөр Голд Компани” жабык акционердик коомуна ар бир айдын 10унан кечиктирбестен компаниянын өткөн ай үчүн алынган дүң кирешесинин 0,6% сом менен Финансы министрлигинин Борбордук казыналыгында ачылган “Нарын облусун өнүктүрүү фонду” мекемесинин атайын эсебине которуу сунушталсын", - деп айтылат.

Өкмөттүн басма сөз кызматы тараткан маалыматта "мындай чечим Нарын облусунун социалдык-экономикалык өнүгүүсүн жакшыртуу максатында кабыл алынган. Буга чейин президент Садыр Жапаров Нарында жергиликтүү тургундар менен жоукканда облусту өнүктүрүү фонду түзүлүп, ага жыл сайын "Кумтөр Голд Компанинин" жылдык дүң пайдасынын 0,6% бөлүнүп турарын билдирген", деп жазылган.

Буга чейин “Улуу көчмөндөр мурасы” улуттук холдингинин жетекчиси Тенгиз Бөлтүрүк быйыл Кумтөр кенинен 17,5 тонна алтын казып алуу планы коюлганын кабарлаган.

Кыргыз бийлиги кенди өз карамагына алгандан бери канча тонна алтын казылганы, ал каякка, кандай шартта сатылганы, түшкөн киреше тууралуу так маалымат бере элек.

Кумтөр алтын кенин канадалык “Центерра Голд” ишканасы иштетип турган тапта компания “Кумтөрдүн” сайтына бир жылда казыла турган алтындын көлөмү, квартал сайын өндүрүлгөн алтын, чыгаша тууралуу маалыматты жайгаштырып турчу.

“Центерра Голд” башкарып келген Кумтөрдү кыргыз өкмөтү 2021-жылы май айында өз карамагына алган. Кыргызстан менен “Центерра Голд” быйыл апрель айында доо арыздан баш тартуу жана ортодогу талаш маселелерди чечүү боюнча келишимге жетишкен. Ага ылайык, Кыргызстан “Центерра Голдго” 26 пайыздык акциясын өткөрүп берип бардык экологиялык жана каржылык доодон баш тарткан. Ал эми “Кумтөр Голд Компанинин” 100% акциясы Кыргызстанга өткөн.

Президент Садыр Жапаров 10-майда кенге Эсеп палатасынын кызматкерлерин жибергенин, текшерүүнүн жыйынтыгы менен элге эки айдан кийин маалымат жарыяланарын билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...