• Башкы бет
  • Чүйдө "Йакын инкар" диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды,-милиция
12:27, 2022-ж., 23-май

Чүйдө "Йакын инкар" диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды,-милиция

Чүйдө "Йакын инкар" диний экстремисттик кыймылынын лидери кармалды,-милиция

Чүй облустук ички иштер башкармалыгы Кыргызстанда ишмердигине тыюу салынган “Йакын инкар” диний экстремисттик кыймылынын лидери жана бул уюмдун төрт мүчөсү кармалганын билдирди. Милициянын маалыматына ылайык, ыкчам иштердин натыйжасында Беловодское айылынын буга чейин диний экстремизмге байланыштуу соттолуп чыккан К.Н. аттуу 1970-жылкы тургуну бул уюмдун лидери деген шек менен колго түштү.

Бул фактыга байланыштуу кылмыш иши козголуп, кармалгандардын баары Бишкек милициясынын тергөө абагына киргизилди.

Чүй милициясы тараткан кабарда "20дан ашык үй тинтилип, таратууга тыюу салынган диний материалдар алынганы" айтылат.

"Тергөөнүн баштапкы маалыматы ылайык, К.Н. "Йакын Инкар" уюмунун лидери катары аталган кыймылдын мүчөлөрүн окутууга, даваат жүргүзүүгө каражат бөлүп берип турган. Ошондой эле Москва районунда уруксаты жок медересе жана жатакана ачып, тыюу салынган диний кыймылдын идеологиясын таратып жүргөн", деп жазылган маалыматта.

“Йакын инкар” диний агымы – “Таблиги жамаат” уюмунун ичинен бөлүнүп чыккан өзүнчө топ. Анын мүчөлөрү өздөрүн “пайгамбардын жолун жолдоочуларбыз” деп эсептешет. Бул диний агым 2017-жылы экстремисттик деп табылган.

Мындан тышкары сот 2003-жылдан бери баш-аягы 21 диний бирикменин ишмердигине террорчул жана экстремисттик уюм катары Кыргызстандын аймагында тыюу салынган.

Ага “Жабхат ан-Нусра”, “Жайшу л-Махди”, “Ансару л-Лах”, “Хизб ут-Тахрир ал-Ислами”, “Жихад тобу” жана “Чыгыш Түркстан Ислам кыймылы” сыяктуу эл аралык террордук жана экстремисттик уюмдар кирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...