• Башкы бет
  • Ош шаарында "Куттуу эл" биринчи улуттук форуму өттү
13:58, 2022-ж., 20-май

Ош шаарында "Куттуу эл" биринчи улуттук форуму өттү

Ош шаарында "Куттуу эл" биринчи улуттук форуму өттү

Кечээ, 19-майда Ош шаарында “Куттуу эл” биринчи улуттук форуму өттү.  Президентинин “Инсандын руханий-адеп-ахлактык өнүгүүсү жана дене тарбиясы жөнүндөгү” Жарлыгынын алкагында өтүп жаткан “Куттуу эл” биринчи улуттук форумуна Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик катчысы Сүйүнбек Касмамбетов, Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов, белгилүү окумуштуулар, ар кайсы тармактын эксперттери, саясатчылар, ишкерлер, активдүү жаштар жана жарандык коомдун өкүлдөрү катышты.

Иш-чаранын негизги максаты - кыргыз элинин нарк-насилин кийинки муунга жеткирүү, жаштарды патриоттуулукка чакыруу, өнүккөн заманга улуттук баалуулуктарды, салт-санааны сактоо менен кадам таштоо. Бүгүнкү иш-чарада дал ушул темалардын айланасында сөз болуп, аны менен катар мамлекеттик тил, ысырапкорчулук, улуттук адептүүлүк, этностор аралык ынтымак маселелерине да токтолду.

“Куттуу эл” биринчи улуттук форумун Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов ачып, ар бир жаранды өз оюн ортого салып, бөлүшүп, келечекке чыйыр салууга үндөдү.

“Келечекке карай өнүгүүнүн улуттук өзгөчөлүктөрүнө ылайыктап демократиялык багыттарды тандап, күчтүү экономикалык саясатты карманып, улуттук баалуулуктарга таянган жана аны негиз туткан салттуу руханий-нравалык, адеп-ахлактык, моралдык нормалардан алыстабай коомубузду өнүктүрүүбүз бүгүнкү күндүн күн тартибиндеги эң актуалдуу маселе. Келиңиздер, бирдиктүү, ынтымактуу болууга бүт күч аракетибизди жумшап, сүйүктүү мамлекетибизди дүйнө эли суктанган, экономикасы гүлдөп өнүккөн өлкө болуусуна ар бирибиз өз салымыбызды кошолу”, - деп белгиледи Алмаз Мамбетов.

Иш-чаранын соңунда “Куттуу эл” биринчи улуттук форумунун “Ош резолюциясы” кабыл алынды.

Форум эки күнгө созулат. Бүгүн, 20-май күнү Алымбек-Датка этнографиялык комлексинде бир катар көргөзмө-жарманкелер уюштурулуп, улуттук баалуулуктар даңазаланды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...