15:00, 2022-ж., 16-май
Президент ЖККУнун мүчө өлкөлөрүнүн башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага барды

Президент Садыр Жапаров бүгүн, 15-майда, Жамааттык коопсуздук келишим уюмуна (ЖККУ) мүчө-мамлекеттердин башчыларынын жолугушуусуна катышуу үчүн Москвага барды. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы кабарлады.
Расмий делегациясынын курамында:
§Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев;
§Президенттин өзгөчө тапшырмалар боюнча атайын өкүлү Таалатбек Масадыков;
§Кыргызстандын Россия Федерациясындагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу Элчиси Гүлнара-Клара Самат бар.
ЖККУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын юбилейлик жыйыны 16-майда өтөт. Иш-чара Жамааттык коопсуздук келишиминин 30 жылдыгына жана ЖККУнун 20 жылдыгына арналган.
Бул саммит 2019-жылдан бери биринчи жолу оффлайн форматта өтүп жатат.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
11:30
-ж., 18-март
11:28
-ж., 18-март
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер