• Башкы бет
  • Оштун чыгармачыл жамааттары “Issyk-Kul ITF 2022” аттуу Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесин ачышты
15:23, 2022-ж., 14-май

Оштун чыгармачыл жамааттары “Issyk-Kul ITF 2022” аттуу Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесин ачышты

Оштун чыгармачыл жамааттары “Issyk-Kul ITF 2022” аттуу Ысык-Көл эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкесин ачышты

Кечээ, 13-майда Чолпон-Ата шаарындагы Ч.Айтматов атындагы маданий-этнографиялык комплексинде “Issyk-Kul ITF 2022” аттуу эл аралык туристтик көргөзмө-жарманкеси ачылды. Бул иш-чарага Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетовдун жетекчилиги астында мэриянын делегациясы активдүү катышууда.

Иш-чаранын салтанаттуу программасын биринчилерден болуп Ош шаарынын чыгармачыл жана бий топтору ачышты. Мында кеңири маданий программа: кол өнөрчүлөрдүн жана усталардын мастер-класстары, өздөрүнүн буюмдарынын көргөзмөсү, улуттук оюндар өткөрүлөт. Чыгармачыл жамааттар, анын ичинде элдик жана фольклордук ырларды аткаруучулар, бий-музыкалык ансамблдер улуттук маданияттын бардык байлыгын көрсөтүп жатышат.

Туристтик көргөзмө-жарманкеде “Мундуз-Турист” туристтик агенттиги жана Жибек жолу туроператорлор ассоциациясынын атынан Ош шаарынын туроператорлору өздөрүнүн туристтик продукцияларын сунушташат. Бул иш-чара республиканын башка региондорунан, чет өлкөлөрдөн келген өнөктөштөр жана туроператорлор менен бизнес мамилелерди түзүү жана өнүктүрүү үчүн эң сонун мүмкүнчүлүк.

Келгендер туристтик фирмалардын, пансионаттардын, эс алуу үйлөрүнүн жана туристтик тармактардын товарлары, кызмат көрсөтүүлөрү менен тааныша алышат. Жарманкеге жалпысынан 200дөн ашык туристтик фирмалар катышууда.

Эртең Ысык-Көл бизнес форуму өтүп, анда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов “Ош – Улуу Жибек жолунун туристтик провайдери” Ош шаарынын туризмин өнүктүрүү программасын сунуштоодо.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...