• Башкы бет
  • Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону старт алды
15:10, 2022-ж., 14-май

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону старт алды

Ысык-Көлдө жөө күлүктөрдүн эл аралык марафону старт алды

Бүгүн, 14-майда Чолпон-Ата шаарында Run the Silk Road эл аралык марафону старт алды. Ага 22 өлкөдөн келген 3 миңдей жөө күлүк катышууда. Бул тууралуу Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги кабарлады.

Марафонду Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров ачып, Борбор Азиядагы эл аралык даражадагы марафон Ысык-Көлдө өтүп жатканын белгиледи.

"Марафонду кубануу менен колдойбуз. Анткени калкты дене тарбия менен алектенүүгө үндөп, спорт менен машыгууга чакырабыз", - деди ал.

Марафондо катышуучулар төмөнкү аралыкка жүгүрүшөт:

Марафон — 42 чакырым 195 метр;

Жарым марафон — 21 чакырым 97 метр;

10 жана 3 чакырым;

3 чакырымга скандинавиялык басуу;

10 чакырымга скандинавиялык басуу.

Марафондун байге фонду 1 млн. 534 миң сомду түзөт.

Спорттук иш-чарага Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө өлкөлөрдүн алдыңкы спортчулары жана Кыргызстандын жеңил атлетика боюнча курама командасынын мүчөлөрү катышууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...