• Башкы бет
  • Быйыл "Баатыр эне" ордени, "Эне даңкы" медалы менен 1586 аял сыйланышты
15:07, 2022-ж., 14-май

Быйыл "Баатыр эне" ордени, "Эне даңкы" медалы менен 1586 аял сыйланышты

Быйыл "Баатыр эне" ордени, "Эне даңкы" медалы менен 1586 аял сыйланышты

Президент Садыр Жапаров көп балалуу энелерге кезектеги мамлекеттик сыйлыктарды ыйгаруу тууралуу жарлыктарга кол койду.

Ага ылайык, жети жана андан көп баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 921 эне “Баатыр эне” ордени, алты баласы бар жана аларды жакшы тарбиялап жаткан 665 эне “Эне даңкы” медалы менен сыйланышты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы бүгүн, 14-майда кабарлады.

Былтыр "Баатыр эне" ордени 819 энеге, "Эне даңкы" медалы 516 энеге ыйгарылган. 2020-жылы 1014 эне "Баатыр эне" ордени, 519у "Эне даңкы" медалы менен сыйланган.

Кыргызстанда жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде Энелер күнү белгиленет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...