• Башкы бет
  • Төртүнч Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 29-сентябрда башталат
15:02, 2022-ж., 14-май

Төртүнч Дүйнөлүк көчмөндөр оюну 29-сентябрда башталат

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы. 2018-жыл 3-сентябрь

Үчүнчү Дүйнөлүк көчмөндөр оюнунун ачылышы. 2018-жыл 3-сентябрь

Түркиянын Жаштар жана спорт министри Мехмет Мухарем Касапоглу IV Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары 29-сентябрдан 2-октябрга чейин Изник шаарында өтөрүн билдирди.

13-майда өткөн басма сөз жыйынында Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясынын жетекчиси Билал Эрдоган бул иш-чарага жүздөн ашуун өлкөдөн үч миңдей спортчу катышарын айтты.

2020-жылы Түркияда өтөрү пландаштырылган Көчмөндөр оюндары коронавирус пандемиясынан улам 2022-жылга жылган.

Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары Кыргызстандын демилгеси менен 2014-жылдан бери өткөрүлүп келет. Буга чейин дүйнөлүк оюн Кыргызстанда үч жолу өткөн. 2018-жылы ага 300 миллион сомдон ашуун каражат жумшалган.

Ал эми Дүйнөлүк этноспорт конфедерациясы 2015-жылы Кыргызстанда түптөлгөн. Курамына сегиз өлкөдө салттуу спорттук оюндарды уюштурган федерацияларды камтыйт. Конфедерацияны Түркиянын президентинин уулу Билал Эрдоган жетектейт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...