• Башкы бет
  • Шөөшөрлөп жааган жаандан улам 12 турак үйгө сел кирди
15:01, 2022-ж., 12-май

Шөөшөрлөп жааган жаандан улам 12 турак үйгө сел кирди

Шөөшөрлөп жааган жаандан улам 12 турак үйгө сел кирди

11-майда,  Кара-Суу району Ош — Сары-Таш — Эркештам унаа жолунун 4-6-7-чакырымдарында  нөшөрлөгөн жамгырдын кесепетинен сел жүрдү.

ӨКМден билдиришкендей, сел Мады айыл өкмөтүнүн Кыргыз-Чек, Асан-Чек айылдарында, Шарк айыл өкмөтүнүн Фуркат айылында, Нариман айыл өкмөтүнүн Беш-Мойнок айылында 12 турак үйгө зыян келтирилген.  

Анын ичинен 4 турак үйдүн жер төлөөсүнө, 8 турак үйдүн короосуна, 1 мектептин, 1 бала бакчанын жана медициналык борбордун короолорун каптаган.

Жеринде селдин кесепеттерин жоюу жана тактоо иш-чараларын жүргүзүүгө ӨКМдин Ош облусу боюнча башкармалыгынын башчысынын жетекчилиги астында ыкчам топ, Кара-Суу райондук ӨК бөлүмүнүн ыкчам тобу жана Кара-Суу райондук бөлүмдөн 16 куткаруучу, 27 куткаруучу 3 мотопомпа менен, Ош шаардык башкармалыгынан 20 куткаруучу 2 мотопомпасы менен, №21 ЖТИден 1 грейдер жана айыл өкмөтүнөн 1 эксковатор тартылган.

Май айынын башында жааган жамгырдан улам, Ош, Жалал-Абад, Нарын, Талас облустарынын бир канча аймактарында сел жүрдү. Анын кеспетинен ондогон үйлөрдүн короосун сел каптап, көпүрөлөр бузулуп, айрым жолдор жабылып калды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...