• Башкы бет
  • Бишкектеги Ботаникалык бактан жер берүүгө тыюу салынган токтом чыкты
14:56, 2022-ж., 12-май

Бишкектеги Ботаникалык бактан жер берүүгө тыюу салынган токтом чыкты

Бишкектеги Ботаникалык бактан жер берүүгө тыюу салынган токтом чыкты

Бишкектеги Ботаникалык бактын жерин башка бирөөлөргө өткөрүп берүүгө тыюу салган парламенттик токтом депутаттардын колдоосуна ээ болуп, 67 добуш менен кабыл алынганын 12-майда депутат Дастан Бекешев билдирди.

Анын айтымында, бул токтом менен Министрлер кабинетине Ботаникалык бактын кызматкерлеринин маянасын көбөйтүү, ирригациясына акча бөлүп берүү, Башкы прокуратурага бактын жерлери башкаларга өтүп кетпесине көзөмөл жүргүзүү тапшырмалары берилгени маалым болду.

Бекешев апрель айынан тартып кызматкерлердин айлыгы көбөйтүлгөнүн, милиция Ботаникалык бактын аймагына видеобайкоо камераларын орнотууга убада бергенин кошумчалады.

Ботаникалык бак боюнча соңку расмий маалымат 20-апрелде өкмөттүн сайтына чыккан. Анда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Ботаникалык бакка барып, бак кейиштүү абалда экенин, ал шаар тургундарынын жана конокторунун табияттан ыракат ала турган жерине айланарын, менежерлик идеялар керек экенин, мэрияга өткөрүү ыктымалдыгы каралып жатканын, кандай болгон күндө да анын илимий макамы толук сакталып каларын жана ишмердүүлүгү өзгөртүлбөй турганын айтканы маалымдалган.

Ботаникалык бактын жетекчилиги мэриянын карамагына өткөрүүгө каршы экенин, мекеменин директору Гүлайым Дөңбаева “Азаттыкка” 20-апрелде билдирген. Ал Ботаникалык бак жөн гана бак эмес, эл аралык кызматташтык жүргүзүүчү илимий институт экенин, чакан парктар ар кимдин колуна өтүп кеткен Бишкекте бул бакты коргоп калуу ыктымалдыгы аздыгын, азыркыдай кейиштүү абалга 30 жылдан бери каржылоо жетишсиз болгону себеп экенин белгилеген.

1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Горький көчөсүндө жайгашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...