• Башкы бет
  • Бишкектеги ботаникалык бакка видеокөзөмөл камералары орнотулууда
14:05, 2022-ж., 11-май

Бишкектеги ботаникалык бакка видеокөзөмөл камералары орнотулууда

Бишкектеги ботаникалык бакка видеокөзөмөл камералары орнотулууда

Бишкектеги Ботаникалык бакка видеокөзөмөл камералары орнотулганы жатат. Бул тууралуу бүгүн 11-майда Жогорку Кеңеште “Сырткы видеобайкоо жөнүндө” мыйзамды өзгөртүү долбоору талкууланып жатканда ички иштер министринин орун басары Сүйүнбек Ниязбеков билдирди.

Анын айтымында, камералар эки жерге коюлат, видеобайкоо күнү-түнү жүргүзүлөт.

Улуттук илимдер академиясынын илимий-изилдөө институту болуп эсептелген Ботаникалык бак Бишкектин эки жеринде жайгашкан. Аянты боюнча чоңураагы шаардын түштүк-чыгыш четинде. Анын аймагы каалоочулар үчүн ачык. Кээде сейилдөө үчүн баргандар түрдүү кылмыштын курмандыгы болгон учурлар бар.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...