• Башкы бет
  • Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы төрт айда 315 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын билдирди
14:10, 2022-ж., 6-май

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы төрт айда 315 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын билдирди

Жол коопсуздугун камсыздоо башкармалыгы төрт айда 315 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталганын билдирди

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы жыл башынан бери өлкө аймагында жүргүзгөн рейддин жыйынтыгын чыгарды. Ага ылайык, төрт айда 315 миң 762 жол эрежесин бузуу фактысы катталган.

Бул аралыкта 4 миңден ашуун айдоочу мас абалында машине айдап, 45 миңдейи ылдамдыкты көбөйткөнү үчүн кармалган.

Транспорт каражаттарын эксплуатациялоо эрежелерин бузуу боюнча 120 миңге жакын учур катталган. 12 миңдей жөө жүргүнчү жол кыймылынын эрежелерин бузган. Миңдей айдоочуга айнегин караңгылатып алганы үчүн айып салынган.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы төрт айда катталган эреже бузуу өткөн жылдын ушул убактысына салыштырмалуу 11% аз экенин билдирүүдө. Жол кырсыгынан каза болгондордун саны 17,5, жараат алгандар 11 пайызга азайган.

Жол кырсыгынын эң башкы себептеринин бири мас абалында рулга отуруу экени белгиленип жүрөт.

Былтыр 5 миңдей жол кырсыгы катталып, набыт болгондор жыл башынан бери 500дөн ашкан. 2020-жылы 6126 жол кырсыгы катталып, 754 адам каза болгон (анын 93ү бала). Ал эми 2019-жылы 6663 жол кырсыгы катталып, 760 адам (91и бала) көз жумган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...