• Башкы бет
  • УКМК “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалганын билдирди
13:11, 2022-ж., 4-май

УКМК “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалганын билдирди

УКМК “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун мүчөлөрү кармалганын билдирди

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети (УКМК) Жалал-Абад облусунун Аксы районунда “Хизб ут-Тахрир” диний-экстремисттик уюмунун жашыруун уячасы аныкталып, ишмердиги токтотулганын маалымдады.

Атайын кызмат 12 киши 1-май күнү Кербен шаарында кезектеги жыйынга чогулганда кармалып, тергөө абагына киргизилгенин билдирди. Колго түшкөндөрдүн төртөө уюмдун лидерлери, сегизи активдүү мүчөсү экени айтылды. УКМК аларды диний сабактарды өткөрүп, интернет аркылуу экстремисттик материалдарды тараткан деп шек саноодо.

Кылмыш-жаза кодексинин 331-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо) менен иш козголду. Тинтүү учурунда алардан көп сандагы диний адабияттар, баракчалар, электрондук шаймандар менен каржылык ишмердикке байланышкан маалыматтар алынган.

Кыргызстан 21 уюмду деструктивдүү, экстремисттик жана террористтик деп таап, өлкө аймагында ишмердигине тыюу салынган. Алардын катарында "Хизб ут-Тахрир" да бар. Бул уюм сот чечими менен диний-экстремисттик уюм деп 2003-жылы таанылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...