• Башкы бет
  • Бишкекте журналисттер ишембиликке чогулушту
15:03, 2022-ж., 3-май

Бишкекте журналисттер ишембиликке чогулушту

Бишкекте журналисттер ишембиликке чогулушту

Басма сөз эркиндигинин бүткүл дүйнөлүк күнүнө карата Бишкекте журналисттер, активисттер жана маалымат каражаттарынын кызматкерлери ишембилик өткөрүштү. Алар Журналисттер аллеясын тазалап, бүгүнкү кыргыз медиасындагы абал тууралуу пикир алмашышты. Иш-чараны Кыргызстан медиасынын аракеттеги платформасы уюштурду.

Бакаев жана Айни көчөлөрүнүн кесилишинде жайгашкан Журналисттер аллеясын 2010-жылы “Журналисттер” коомдук бирикмеси түптөп, көчөттөр тигилген.

3-май - басма сөз эркиндигинин күнү катары дүйнөнүн көп мамлекеттеринде белгиленет. Бул дата БУУнун Башкы ассамблеясы тарабынан 1993-жылы бекитилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...