• Башкы бет
  • Кабулдагы жардырууда 7 киши каза болгондугу айтылууда
12:53, 2022-ж., 30-апрель

Кабулдагы жардырууда 7 киши каза болгондугу айтылууда

Кабулдагы жардырууда 7 киши каза болгондугу айтылууда

Кабулдагы суфилердин кечилканасында 29-апрелде болгон жардыруудан кеминде жети киши набыт болду. Бул тууралуу талиб өкмөтүнүн өкүлү билдирди, деп жазат "Азаттык". Он бештен ашык киши жараат алды.

Набыт кеткендердин жана жараат алгандардын саны дагы өсүшү мүмкүн. Саламаттык сактоо башкармалыгынын өкүлү "Азаттыктын" ооган кызматына өлгөндөрдүн саны онго жеткенин айткан. Жардыруу үчүн жоопкерчиликти эч бир топ мойнуна ала элек.

Өткөн жумада Кундуз провинциясындагы суфилердин кечилканасында болгон жардыруу отуздан ашуун кишинин өмүрүн алып, ондогону жабыркаган.

Соңку апталарда шиит хазарлары жана суфилер отурукташкан аймактарда жардыруулар күч алды. Алардын айрымдары үчүн жоопкерчиликти "Ислам мамлекети" террордук тобу өз мойнуна алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...