• Башкы бет
  • Орусия хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугунан ажыратылды
13:23, 2022-ж., 27-апрель

Орусия хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугунан ажыратылды

Орусия хоккей боюнча дүйнөлүк чемпионатты өткөрүү укугунан ажыратылды

Хоккей боюнча Эл аралык федерация (IIHF) Орусияны 2023-жылы дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратты. Мындай чечим федерациянын кеңеши тарабынан 26-апрелде Цюрихте өткөн жыйында кабыл алынды. Анын себеби коопсуздукка байланыштуу деп түшүндүрүлдү.

Кеңеш буга чейин юниорлор арасында дүйнө биринчилигин Омск жана Новосибирск шаарларынан башка жерге которууну чечкен. Өткөн айда федерация Украинадагы согушка жооп катары Орусияны жана Беларусту быйылкы дүйнө чемпионатынан четтеткен.

2023-жылкы чемпионат кайда өтөрү келерки айда Финляндиядагы дүйнө биринчилигинде аныкталмакчы.

Орусия Украинага басып киргенден бери бир топ орусиялык спортчулар дүйнөлүк жарыштарга катыштырылбай калган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...