14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарында баңгизаттарды мыйзамсыз сатуу менен алектенип жүргөн эки жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги 15-апрелде билдирди.
Маалыматка караганда милицияга шектүү аял Ошто баңгизат сатып жүргөнү тууралуу маалымат түшкөн. Анын негизинде териштирүү болуп 5 грамм синтетикалык баңгизаттарды сатууга аракет кылып жаткан жеринен 46 жана 39 жаштагы эки аял кармалган.
Соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна ылайык, алынган зат «альфа PVP» психотроптук заты болуп аныкталды. Учурда кылмышка тиешеси бар башка жарандарды аныктоо иштери жүрүүдө.
Комментарийлер