14:08
-ж., 29-февраль
Бүгүн, 1-апрелге карата Кыргызстанда COVID-19 илдети 11 кишиден аныкталды. 13 адам айыгып, бир бейтап көз жумду. Бул тууралуу республикалык штабдан маалымдашты.
Жаңы учурлардын төртөө Бишкектен, жетөө Чүйдөн аныкталган.
Ушуну менен коронавирус жуктургандардын жалпы саны 200 946га жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 226. Каза болгондор 2989.
Учурда стационарда 86 жана амбулатордук түрдө 59 адам дарыланып жатат.
Комментарийлер