• Башкы бет
  • ЮНИСЕФ Кыргызстанга 200 вакцина сактоочу муздаткыч алып берди
11:58, 2022-ж., 24-март

ЮНИСЕФ Кыргызстанга 200 вакцина сактоочу муздаткыч алып берди

ЮНИСЕФ Кыргызстанга 200 вакцина сактоочу муздаткыч алып берди

Кыргызстанга 23-мартта ЮНИСЕФ эл аралык уюму аркылуу вакцина сактоочу 200 муздаткыч жабдуулары алып келинди. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди. 

Жаңы жабдуулар вакциналардын коопсуз сакталышы үчүн өлкөдөгү саламаттыкты сактоо уюмдарында орнотулат.

«Кыргызстан ЮНИСЕФтен 150 фризерди жана 50 айкалыш муздаткычты алды. Жаңы жабдуулар министрликтин вакциналарды туура сактоо жана Кыргызстандын калкы үчүн сапаттуу эмдөө кызматын камсыз кылуу мүмкүнчүлүгүн жогорулатат. Вакциналар менен өз убагында жана коопсуз камсыздоо максатында ЮНИСЕФ мындан ары да Кыргызстандын өкмөтүнө бардык зарыл болгон колдоону көрсөтө бермекчи», — деди уюмдун билим берүү жана саламаттыкты сактоо бөлүмдөрүнүн башчысы Томойа Сонода.

Ушул жылдын башында өлкөгө 46 фризер жана 35 айкалыш муздаткыч келген. Бул жабдуулар Вакциналар жана эмдөө боюнча глобалдык альянстын (GAVI) «Муздатуучу чынжыр жабдууларын оптималдаштыруу платформасы» долбоорунун алкагында алынды.

Өлкөдө коронавируска каршы вакцинанын биринчи дозасын 1,5 миллионго чукул адам алды, эки доза менен толук эмделгендер 1 миллиондон ашты. Бустердик (үчүнчү) доза 110 миңден көбүрөөк кишиге сайылды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...