• Башкы бет
  • Кыргызстанда коронавирустун гибириддик штаммы аныкталды
13:06, 2022-ж., 22-март

Кыргызстанда коронавирустун гибириддик штаммы аныкталды

Кыргызстанда коронавирустун гибириддик штаммы аныкталды

Кыргызстандагы коронавирус менен күрөшүү боюнча республикалык штаб АКШ менен Европада коронавирустун "дельта" жана "омикрондун" мутациясын айкалыштырган варианты (гибрид) аныкталганын билдирди.

Маалыматка караганда, жаңы штаммдын генетикалык ырааттуулугу февраль айында GISAID эл аралык маалымат базасында Франциядагы бейтаптан январда алынган үлгүдөн аныкталган.

Андан соң жаңы вариант вирустук геномдордун чечмелөөсүндө дээрлик элүү жолу (Дания, Германия, Нидерланды жана АКШда) кездешкен. Жаңы вариант январь айында пайда болгону менен эч бир жерде оорунун кескин өсүшү байкалган эмес же өтө эле сейрек кездешет.

"Дельтакрон" деп аталган штамм түзүлүшү боюнча клеткаларга кирген ийнечелери бар белогу "омикрондон" жана "дельтадан" турат. Штабдын маалыматына караганда, антителолор үчүн ал "омикрон" сыяктуу көрүнөт, ошондуктан ооруп айыккандар жана эмдөө алгандар дагы эле коргоого ээ болушу керек. Мындан тышкары, ийнечелери бар белоктун өзгөчөлүктөрүнөн улам жаңы вариант "омикрон" сыяктуу COVID-19дан кийин оорулардын күчөп кетиши салыштырмалуу сейрек кездешет.

Кыргызстанда коронавирустун "омикрон" штаммы февралда катталган жана оору жуктургандардын саны көбөйүп жатканына байланыштуу Бишкек шаары "кызыл зонага" кирген.

Өлкөнүн Саламаттык сактоо министрлиги коронавирус жуккан учурлар, ооруканага жаткырылган бейтаптардын санына карап өлкө вирустун 4- толкунунун чегинен өттү деп айтса болорун билдирген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...