14:08
-ж., 29-февраль
Акыркы суткада COVID-19 илдетин он бир киши жуктурап алды. Бир бейтап көз жумуп, 31 адам айыгып чыкты. Бул тууралуу республикалык штаб маалымдады.
Жаңы учурлардын алтоо Бишкек шаарынан, төртөө Чүйдөн, бирөө Ош облусунан аныкталган.
Жалпы жуктургандар пандемия башталган эки жылдан бери 200 787ге жетти. Анын ичинен айыгып чыккандар 196 016. Каза болгондор 2977.
Ушул тапта ооруканаларда 112 жана амбулатордук түрдө 97 адам дарыланып жатат.
Комментарийлер