• Башкы бет
  • Амантай Кутманалиев республикалык айтыштын баш байгесин утту
13:28, 2022-ж., 17-март

Амантай Кутманалиев республикалык айтыштын баш байгесин утту

Амантай Кутманалиев республикалык айтыштын баш байгесин утту

16-мартта Т. Сатылганов атындагы Улуттук филармонияда Кыргыз Республикасынын Эл артисти Ашыраалы Айталиевдин 95 жылдыгына арналган республикалык айтыш өттү.

Айтыштын тандоо турунан өткөн 12 акындын ичинен Амантай Кутманалиев баш байгеге ээ болуп, 200 миң сом акчалай сыйлык менен сыйланды.

Биринчи орунду төкмө акын Акматбек Султан уулу(150 миң сом), экинчини Баян Акматов ээлесе, (100 миң сом) үчүнчү орунга Мамбеттокто Мамбеторозо татыды. (50 миң сом).

Ал эми айтышка катышкан калган сегиз акын: Мамбет Өмүр уулу, Асылбек Маратов, Элмирбек Иманалиев, Абдуали Акимбеков, Максат Кулуев, Мундузбек Усупбек уулу, Турат Жумаев, Мундузбек Борончуев кызыктыруучу сыйлык катары 35 миң сомдон акчалай байге менен сыйланды.

Эл артисти Ашырралы Айталиевдин 95 жылдыгына карата өткөн айтышты Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министрлиги менен Республикалык “Айтыш” коомдук фонду биргеликте уюштуруп, Жогорку Кеңештин төрагасы Талант Мамытов каржылык жактан көмөк көрсөткөн.

Төкмө акын Айталиев Ашыраалы 1927-жылы Чүй облусунын Кант районундагы Жедигер айылында туулган. Ал комуз чертүүнү 15 жашынан үйрөнүп, белгилүү төкмө акындар Осмонкул, Калык, Токтонаалы, Ысмайылдан таалим алган. Эмгек жолун 1946-жылы филармонияга келип, ырчы-акын болуп иштөөдөн баштаган. М. Күрөңкөев атындагы музыкалык окуу жайында, М. Абдраев атындагы музыкалык мектепте балдарга акындык өнөр боюнча сабак берген. Ы. Борончиев, Т. Шабданбаев, Т. Тыныбеков, Э. Турсуналиев өңдүү акындар менен айтышып, кыргыз ырчыларынын төкмөлүк жөрөлгөсүн уланткан, айтыштын ар кандай салттарын өнүктүргөн.

Ашыраалы акын «Карагул ботом», «Ак Мөөр», «Ак Саткын менен Кулмырза», «Олжобай менен Кишимжан» жана башка дастандарды чебер аткарган.

«Жылкычы», «Ак шоокум», «Нарындан жазган салам кат», «Жолугабыз аз күндө», «Чабандын саламы», «Оюңда кимдин гүлүсүң», «Түшүнсөң боло суратпай» өңдүү белгилүү обондуу ырларды жараткан. 1986-жылы III даражадагы Манас ордени менен сыйланган.

Акын 2008-жылы 13-октябрда көз жумуп, сөөгү “Ала-Арча” көрүстөнүнө коюлган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...