• Башкы бет
  • Өлкөдө COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты
10:59, 2022-ж., 15-март

Өлкөдө COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты

Өлкөдө COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты

Соңку бир суткада Кыргызстанда коронавирус 16 адамдан аныкталды. Саламаттыкты сактоо министрлиги вирустан дагы бир бейтап каза болгонун билдирди.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19 жуккандардын саны 200 миңден ашты, 2974 адам каза болуп, 195 миңден көбү сакайып чыкты.

Ушул күндөрү 121 бейтап ооруканада, 167 адам үйүндө дарыланууда.

Бир сутка ичинде коронавирус жуккан медициналык кызматкерлер болгон жок. Жалпысынан өлкө боюнча COVID-19 диагнозу менен медкызматкерлер арасында 7746 учур катталды. Алардын ичинен 7567 дарыгер айыгып чыккан.

12-марттан тартып Кыргызстанда коомдук жайларда сөзсүз беткап тагынуу талабы дээрлик жоюлду. Мындай талап медицина мекемелеринен жана коомдук транспорттон башка жерлерде эми коюлбайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...