• Башкы бет
  • Ош шаарында биринчи жолу оор атлетика боюнча КРнын ачык чемпионаты өтүүдө
11:33, 2022-ж., 14-март

Ош шаарында биринчи жолу оор атлетика боюнча КРнын ачык чемпионаты өтүүдө

Ош шаарында биринчи жолу оор атлетика боюнча КРнын ачык чемпионаты өтүүдө

Ош шаарында жаштар жана өспүрүмдөр арасында оор атлетика боюнча Кыргыз Республикасынын чемпионатынын ачылышы болду. Турнирдин ачылыш аземине Кыргызстандын спорттун олимпиадалык түрлөрү боюнча дирекциясынын жетекчиси Н.Исмаилов, Ош шаардык дене тарбия жана спорт комитетинин өкүлдөрү, КР Оор атлетика федерациясынын биринчи вице-президенти А.Молдодосов, республикага эмгек сиңирген спорт чеберлери, машыктыруучулар жана спортчулар катышты.

Мелдешке Кыргызстандын бардык облустарынан, ошондой эле Бишкек жана Ош шаарларынан 155ке жакын спортчу катышууда. Чемпионатты КР Оор атлетика федерациясы менен Ош шаардык мэриясынын дене тарбия жана спорт комитети биргеликте уюштурган.

Турнирдин жеңүүчүлөрү жана байге ээлери медалдар, дипломдор жана баалуу белектер менен сыйланышат. Ошондой эле эл аралык мелдештерге катышуу үчүн республиканын курама командасына кире алышат.

Чемпионат 12-13-мартта өтөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...