14:08
-ж., 29-февраль
Ош шаарындагы жогорку жана орто атайын окуу жайлардын профессордук-окутуучулук курамынын арасында шаардык спартакиаданын ачылыш аземи болуп өттү. Спартакиаданын ачылышына Ош шаарынын вице-мэри Сонунбек Жунусбаев, жогорку окуу жайлардын, колледждердин ректорлору жана окутуучулары катышты.
Мелдешке 8 команда катышууда.
Мелдеш спорттун 7 түрү: кичи футбол, стритбол, тогуз-коргоол, шахмат, стол тенниси, волейбол, ордо боюнча эркектер жана аялдар командалары арасында өткөрүлөт. Оюндар 17-мартка чейин уланат.
Спартакиаданын жеңүүчүлөрү жана байге ээлери дипломдор жана медалдар менен сыйланышат. Мындан тышкары жеңүүчү болгон командалар республикалык спартакиадага катыша алышат.
Комментарийлер