• Башкы бет
  • Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулду
14:49, 2022-ж., 4-февраль

Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулду

Сабырбек Жумабеков кызматтан бошотулду

Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев Бишкек травматология жана ортопедия илимий изилдөө борбору Шаардык клиникалык тез жардам ооруканасы болуп кайра түзүлгөнүн билдирди. Бул тууарлуу "Азаттык" жазды.

Андагы маалыматка ылайык, ал Сабырбек Жумабековду кызматынын бошотконун, жаңы түзүлгөн оорукананын башчысы болуп Гулия Кожокматова, ал эми башкы дарыгер кызматына Дамир Дүйшөнов дайындалганын кабарлады.

Аталган министрлик мындай өзгөртүүлөрдөн кийин "бул оорукана Бишкек шаардык мэриясы, шаардык кеңеш жана Саламаттык сактоо министрлигинин үч тараптуу келишиминин негизинде иш жүргүзөт, милдетүү медициналык камыздандыруу фондунан каржыланат" деп билдирген.

Мунун алдында травматология борборун ушул кезге чейин жетектеп келген Сабырбек Жумабеков Бейшеналиевди жалган жалаа, негизсиз сөздөрдү таратып жатат деп айыптаган. Ал соңку жагдайга байланыштуу президентке кайрылган жана кызматтан кеткенге даяр экенин, бирок борборду сактап калууга аракет кыларын билдирген.

Ага чейин Бейшеналиев маектеринин биринде Жумабековду бул "оорукананы менчиктештирип, тааныш-билиштерин, туугандарын жумушка орноштуруп алды деп", айыптаган.

Аталган борборду узак убакыттан бери академик Жумабеков жетектеп келген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...