• Башкы бет
  • Кыргызстандын кыздар командасы коло медалга ээ болду
12:36, -ж., 29-январь

Кыргызстандын кыздар командасы коло медалга ээ болду

Кыргызстандын кыздар командасы коло медалга ээ болду

Кыргызстандын футзал боюнча кыз-келиндер курама командасы Дүйшөмбү шаарында өткөн CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдешинде үчүнчү орунду ээледи. Бул тууралуу Кыргызстандын футбол уюму билдирди.

CAFA Women’s Futsal Championship эл аралык мелдеши 21-январда башталган. Мелдешке Иран, Кыргызстан, Өзбекстан жана Тажикстандын курама командалары катышты.

Мелдеш айлампа иретинде өтүп, ар бир команда алтыдан беттеш өткөрдү. Кыргызстан курама командасы алгачкы оюнда (21-январда) Тажикстандын курама командасы менен беттешип 1:1 эсеби менен тең чыкса, 27-январдагы жооптук беттеште 4:1 эсеби менен утуп алды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...