• Башкы бет
  • Баткенде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестиктер орун алды
14:49, 2022-ж., 24-январь

Баткенде кыргыз-тажик жарандарынын ортосунда пикир келишпестиктер орун алды

Иллюстрациялык сүрөт

Иллюстрациялык сүрөт

Кечээ, 23-январда саат 13:00-14:00 чамасында Лейлек районунун Бешкент айыл өкмөтүнүн Эски-Оочу айылында кыргыз жарандары менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда пикир келишпестик орун алды, деп билдирди аймактык кабарчы.

Жергиликтүү тургундардын айтымында, тажиктер тарабынан кыргыз-тажик чек арасындагы плотинага жакын жерде мал-жандыктар өтпөсүн деген максатта курулган тосмо алынып, сайдын жээги алардын жолуна айланган. Мындан улам ондон ашык айыл тургундары тосмону кайрадан калыбына келтирип башташкан. Бирок, алардын бул ишин тажик чек арачылары токтотушкан. Ошол маалда эки тараптын ортосунда пикир келишпестик орун

Элеттиктер белгилегендей, союз маалында тажик тарапка плотинанын аймагынан бир аз жер убактылуу берилип, ал жерде суу бөлүштүргөн бир мурап жана кароолчу турган. Кийин бул аймакта окоп казылып, учурда 50гө жакын тажик жоокерлери турушат. Азыркы тапта бул көрүнүштүн айынан жергиликтүү тургундардын жолу анклавда калган.

Эски-Оочу айылынын жашоочулары президент Садыр Жапаровдон жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевден тажик тараптын чек арачыларынын жайын алууну суранып жатышат. Себеби, алар турган жайга Эски-Оочу айылындагы үйлөр жакын жайгашып, ар кандай чыр-чатак болгондо турак жайларга октор тийип, жергиликтүү тургундар жапа чегип келишет.

Аймактык кабарчыга белгилүү болгондой, буга чейин кыргыз-тажик чек арачыларынын ортосунда тосмону кайрадан калыбына келтирүү боюнча макулдашуу болгон. Бирок, тажиктер плотинага жарандар көп келди деп, алардын ишин токтотуп коюшкан.

Учурда жергиликтүү тургундар үйлөрүнө тарап, түшүндүрүү иштери жүрүп жатат. Ал эми тосмону куруу боюнча чек ара кызматы тарабынан эки тараптуу сүйлөшүү кайрадан жүргүзүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...