Ош облусунда коронавирус боюнча штабдын жыйыны өттү

Ош облусундагы эпидемиологиялык кырдаал боюнча облустук штабдын жыйыны өткөрүлдү. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, райондук мамлекеттик администрация башчыларынын орун басарлары, Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери жана штабдын мүчөлөрү катышты.
Отурумда, COVID-19 илдетин жайылтпоо, алдын-алуу жарандарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жана вакцинация боюнча маалыматтар берилди. Ошондой эле, облус аймагындагы эпидемиологиялык кырдаалды көзөмөлдөө боюнча тиешелүү жетекчилерге тапшырмалар берилди.
Маалымат үчүн,Бүгүнкү күндө Ош облусунда 69 бейтап кызыл зонада дарыланып жатат.Облус боюнча COVID-19илдетин алдын алуу жана болтурбоо максатында 670 керебет даярдалса, резервде 1246 керебет бар. Аталган илдетке кабылган бейтаптарды дарылоо үчүн дары-дармек, медициналык жабдыктар жана дарыгерлер жетиштүү.
Комментарийлер