14:08
-ж., 29-февраль
Кара-Суу районунда бүгүнкү күндө 274 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Кара-Суу районунун жыл жыйынтыгын чыгаруучу жыйынында аким Турусбек Ногоев билдирди.
Анын айтымында, өткөн жылы Кара-Суу району боюнча 9 миң балага туулгандыгы тууралуу күбөлүк берилген.
«Жалпы 3 миң 475 нике актысы берилген. Анын ичинен чет өлкөлүк 152 жаран менен никеге туруу тууралуу акты берилген.
Кара-Суу району боюнча 274 баланын туулгандыгы тууралуу күбөлүгү жок. Алар Нариман айыл өкмөтүнүн Жаңы-Маале айылында жашашат. Булардын саны 400 болчу. Аны кыскарттык. Ал балдардын ата-энесинин дагы, чоң атасынын дагы документи жок болуп чыкты», - деди Ногоев.
Комментарийлер