• Башкы бет
  • Орусиялык миллиардер жезге болгон суроо-талап өсүшү мүмкүн экенин айтты
09:32, 2022-ж., 21-январь

Орусиялык миллиардер жезге болгон суроо-талап өсүшү мүмкүн экенин айтты

Орусиялык миллиардер жезге болгон суроо-талап өсүшү мүмкүн экенин айтты

2040-жылга карата жезге болгон суроо-талап 2,7 эсеге өсөт. Бул тууралуу россиялык миллиардер Алишер Усманов жазды. Анын пикири Эл аралык экономикалык форумдун сайтына жарыяланды.

Миллиардердин айтымында, келечекте жез энергетика тармагында маанилүү ролду ойнойт.

«Жезди «жаңы алтын», «жаңы мунай зат», ошондой эле «келечектин металлы» деп атап жүрүшөт. Анын төмөнкү көмүртектүү экономикада жана жогорку технологияда алмашкыс орду бар», - деп жазды Усманов.

Ал эл аралык энергетикалык агенттикке шилтеме берүү менен 2040-жылы экологиялык жактан таза энергетика технологияларында колдонулган минерал жана металлдардын ичинен жез, никель жана графитке суроо-талап жогору болорун белгиледи.

2020-жылы май айында Дүйнөлүк банк 2050-жылга карата жез, графит, литий жана кобальт сыяктуу минералдар 500 пайызга көп казылышы мүмкүн экенин жарыялаган. Шамал, күн жана башка булактардан энергия алуу жана аны сактоо үчүн 3 млрд тонна минерал жана металл керектелет.

2020-жылы жездин баасы 22 пайызга өскөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...