• Башкы бет
  • ЖКнын депуктаты О. Нарматованын диплому жараксыз деп табылды
09:28, 2022-ж., 21-январь

ЖКнын депуктаты О. Нарматованын диплому жараксыз деп табылды

ЖКнын депуктаты О. Нарматованын диплому жараксыз деп табылды

Кечээ, 20-январда Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында 15-январда түзүлгөн Билим берүү жана илим министрлигинин комиссиясынын маалыматы угулду.

Ал маалыматка караганда, Жогорку Кеңештин Орозайым Нарматованын Жалал-Абад мамлекеттик университетин (ЖАМУ) бүткөндүгү тууралуу диплому мыйзам бузуулар менен берилген. Мисалы, Нарматованын өздүк ишинде орто билими тууралуу документ же анын көчүрмөсү, университетке кабыл алуу жөнүндө арызы, ошондой эле университетке тапшыруу үчүн сынактан өткөндүгү тууралуу маалымат жок.

Нарматованын жардамчысы Мирлан Ураимов билдиргендей, депутаттын Москва шаарындагы бизнес колледжде бухгалтер адистиги боюнча билим алгандыгы тууралуу диплому ЖАМУда жоголгон, көчүрмөсү жок.

Ал эми УКМКнын тергөөчүсү Эдил Алишеровдун маалыматына караганда, 9-10-семестрда (5-курста, 2015-2016-жылдары) Нарматова Кыргызстанда эмес болчу. Ошондуктан сынак тапшыра алмак эмес. Нарматова 5-курста кантип сынак тапшырганы жөнүндө айтуудан баш тартты. Ошондой эле ЖАМУнун айрым окутуучуларына Нарматовага дипломду мыйзамсыз бергендиги үчүн кылмыш иши козголду.

19-январда ЖАМУнун ректорунун буйругу менен, университеттин ички комиссиясынын чечиминин негизинде, Нарматованын жогорку билим алгандыгы тууралуу диплому артка кайтарылды (диплом берүү жөнүндө буйрук жокко чыкты).

Нарматова БШКнын жыйынына катышкан жок. БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдиргендей, депутат ооруп калганына байланыштуу келген эмес.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...